Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Мөөнөтү аяктаган парламент тарап кетпесе өлкөдөгү саясий кризис тереңдей береби?

10.12.2020 15:08
718
Мөөнөтү аяктаган парламент тарап кетпесе өлкөдөгү саясий кризис тереңдей береби?

Парламенттин 6-чакырылышы эгемендүү өлкөбүздүн тарыхындагы эң чабал жана мөөнөтү аяктагандан кийин да легитимсиз жол менен бир нече айга ашыкча отурган парламент катары кала турган болду. 5-6-октябрдагы болуп өткөн окуялардан кийин ар-ар жерге аз-аздан чогулуп, ар кимден чоочулап турган депутаттар акырындык менен кайрадан катарларын көбөйтүп, кадимкидей эле иштеп жаткандай түр жаратууга өттү.


Ырасын айтканда, Кыргызстандагы бийликтин легитимдүүлүгүн азыр деле коңшулаш мамлекеттер тааный элек. Ал эми Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгү 28-октябрдан бери карай өтө күмөндүү болуп турат. Себеби дал ошол күнү 6-чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү аяктаган. Андан бери бир жарым ай убакыт өттү. Парламент депутаттары дагы деле мамлекеттин эсебинен айлык акы алып, мамлекеттин эсебинен берилчү жеңилдиктерди пайдаланып келишет.


Албетте бул жагы өзүнчө сөз кылынуучу жагдай. Ал эми алардын кабыл алган чечимдеринин мыйзамдуулугу негизги ойлонуучу маселе болуп турат. Өздөрүнүн легитимдүүлүгү шек жаратып турган чакта алардын кабыл алган чечимдери кандай болушу мүмкүн? Башкасы башка, өзгөчө Конституция боюнча жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктап алуу боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун даярдашканы келечекте чоң талаш-тартыштардын өзөгү болуп бербейби?


Бүгүн 10-декабрда да алар аталган мыйзам долбоорун карап жатат. 9-декабрда мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. Эртеси эле күнү минтип аны экинчи окууда кабыл алуу аракети болуп жатат. Негизи референдумду дайындоо тууралуу мыйзамды дароо үч окууда кабыл алууга мыйзам жол бербей турганын депутат Өмүрбек Текебаев да эскертти. Анын айтымында ар бир окуунун ортосу 10 күндөн кем эмес болуш керек. Анан дагы тиешелүү комитеттер, фракциялардын караган чечимдери болушу шарт. Алар дагы жок. Бирок, мындай жагдайлар дагы көпчүлүк депутаттарды ойлондурган жок. Адаттарынча «жогору жактын» көрсөтмөсүн кынтыксыз аткарууга киришип алышкан сыяктуу.


Эгерде бүгүнкү күндө легитимсиз отурган парламенттин арты менен өз кызыкчылыктарына ылайык келген мыйзамдарды кабыл алдыртып алабыз дегендер болсо, анда ошол эле кабыл алынган мыйзамдар андай бийликтин шору болуп бериши мүмкүн экенин эстен чыгарбоо зарыл. Өлкөбүздө дагы бир төңкөрүштүн болуп кетишин эч ким каалабайт. Бирок, легитимсиз парламенттин мыйзамсыз чечимдери андай көрүнүштүн кайрадан кайталанышын эртелетип салышы мүмкүн. Ушуну эл өкүлдөрү туура түшүнүп, эртерээк эле өздөрүн өздөрү таркатып жиберишкени туура кадам болуп турат.


Сагынбек Сатыкеев



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн