Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, дүйнө чемпиону Акжол Махмудов София шаарында өтүп жаткан эл аралык рейтингдик мелдеште финалга чыкты.
Ал 1/16 финалда алгачкы беттешке чыкты. 3 атаандашын жеңип, жарым финалга чыккан.
Жарым финалда Норвегиялык балбанды 2:0 эсебинде утуп жаткан учурда ал колунан жаракат алып калды.
Мындан улам калыс Акжол Махмудовго техникалык жеңишти ыйгарды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн