Бугу 03, 2024
Убакыт: 18:54
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: БШКга талапкерлерден арыз келип түшүдө

25.03.2024 11:42
872
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: БШКга талапкерлерден арыз келип түшүдө


КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу, № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу жана №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга талапкерлерден арыздар түшүүдө.

БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер 1986-жылы туулган Давлянов Дамирбек Тайырбековичтен арыз түшкөн. Ал арызында учурда Ички иштер министрлигинин пенсионери экенин көрсөткөн.

Ошондой эле № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер болуу ниети менен 1955-жылы туулган Каработоев Жалил Исаковичтен, 1979-жылы туулган Кожонов Замирбек Ырысбаевичтен жана 1967-жылы туулган Райымкулов Аширбай Өмүрзаковичтен арыз түшкөн.

Эскерте кетсек, КР президенти жогоруда аталган бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2024-жылдын 28-апрелине дайындаган. Депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 26-мартында аяктайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн