Москва шаары курулуш тармагында иштеген мигранттардын санын акыркындык менен кыскартат. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собянин билдирди.
Маалыматка ылайык, Москва мэри Сергей Собянин реновация программасы аркылуу ишке ашып жаткан курулуштарда чет элдик жумушчулардын санын азайтып, алардын ордуна региондордо жашаган россиялыктарды тартуу үчүн эмгек шарттарын жакшыртууну тапшырган.
Программанын алкагында Москвадагы эски үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу бийик үйлөр салынмакчы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн