Бугу 11, 2024
Убакыт: 19:50
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Москва мамлекеттик университети ЖОЖдордун рейтингинде 74-орунду ээледи

10.06.2020 17:35
960
Москва мамлекеттик университети ЖОЖдордун рейтингинде 74-орунду ээледи

М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети дүйнөлүк жогорку окуу жайлардын QS World University Rankings 2021 рейтингинде 74-орунду ээледи.


“2014-жылдан бери ММУ өз позициясын 46 пунктка жакшырта алды, бир жолу да артка кетенчиктөө болгон жок. Тарыхта россиялык бир дагы жогорку окуу жай глобалдык рейтингдерде мындай жогорку позицияларды ээлей алган эмес” , - деп билдирди университеттин басма сөз кызматы.


Сөз болуп жаткан рейтингге 28 россиялык жогорку окуу жайы киргизилип, алардын 17си позицияларын жакшырта алган.


QS Quacquarelli Symonds глобалдык илим-изилдөө консультациялык борбору тарабынан түзүлгөн университеттердин бүткүл дүйнөлүк QS World University Rankings рейтингинде дүйнөдөгү 1000 мыкты университеттерге баа берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн