Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:38
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Москва районун калкты тейлөө борборунун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

26.01.2022 11:55
1072
Москва районун калкты тейлөө борборунун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

 Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

         2022-жылдын 25-январында УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында, Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн “Ш.Э.М.” аттуу жетектөөчү адиси опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. 


 Такталгандай, Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси “Ш.Э.М.”, КР жаранынын паспортун алуу маселесин боюнча оң чечим чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын “Х.Х.Х.” аттуу жаранынан опузалап акча каражатын талап кылганы аныкталды.


 Азыркы учурда кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн