Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:22
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Москва районунда 4 баш кочкор уурдаган жаран кармалды

03.06.2022 10:45
472
Москва районунда 4 баш кочкор уурдаган жаран кармалды



Москва РИИБдин ыкчам кызматкерлери мал уурдоого шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады



Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 29-майында Москва РИИБге 1966-жылы туулган А.Г. арыз менен кайрылган. Арыздануучу 29-май күнү кечинде короосундагы меринос пародасындагы 4 баш кочкорду уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. 


Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыштын бирдиктүү реестрине катталган.


Чүй ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Москва РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган К.О. кармалып, Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн