Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Москва районунда ЖААКтын кызматкери адамдардан системалуу түрдө пара алып турган

24.08.2021 17:09
674
Москва районунда ЖААКтын кызматкери адамдардан системалуу түрдө пара алып турган


КР УКМК тарабынан коррупциянын көрүнүштөрүн демонтаждоо боюнча иштердин алкагында, Чүй облусунун калкты каттоо органдарынын кызмат адамдары тарабынан калктан системалуу түрдө акча талап кылуу менен көрсөтүлгөн кылмыш схемасы аныкталды.


Тактап айтканда, 2021-жылдын 23-августунда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, ыкчам-тергөө тоб пара алып жаткан жеринен Чүй облусунун Москва районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн кызмат адамы «А.И.Э.» кармашкан. 


Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кармалган адам узак убакыт бою паспортторду, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жана башка мамлекеттик бланктарды берүү боюнча расмий мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө калктан акча чогултуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы түзүп алган. Жалпысынан ушул сыяктуу 50дөн ашык фактылар аныкталды.


Азыркы учурда кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн