Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 08:01
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Москва районунда арпа сатып алып, акчанын бир бөлүгүн бербей жүргөн жаран кармалды

06.09.2022 12:52
829
Москва районунда арпа сатып алып, акчанын бир бөлүгүн бербей жүргөн жаран кармалды


Москва районунда алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды.

 

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 5-сентябрында Москва районунун 1973-жылы туулган С.Н. аттуу жараны кайрылган. Ал кайрылуусунда 9 тоннадан ашык арпасын сатып, 170 000 сомун алып, калган 42 729 сомду алып келип берем деген шылтоо менен кайтарып бербей качып жүргөн жаранга, чара көрүү өтүнүчүн билдирген.


Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон. 

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү жарандын өздүгү такталып, 1982-жылы туулган Н.М. аттуу жаран колго түшүрүлүп, Москва РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн