Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 14:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Москва районунда айдоочу 23 жаштагы кызды жөө өтмөктөн сүзүп кетти

30.04.2022 09:58
533
Москва районунда айдоочу 23 жаштагы кызды жөө өтмөктөн сүзүп кетти

Чүйдүн Москва районунун Петровка айылында 29-апрелде саат 21:00дө BMW үлгүсүндөгү унаа жол чырактагы жөө өтмөктөн өтүп бараткан кызды сүзүп, изин жашырган.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгынан 23 жаштагы Д.Г. аттуу кыз оор абалда аймактык оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.


Аталган факты боюнча ыкчам издөө иш-чарасы жүргүзүлүп, BMW үлгүсүндөгү унаанын 20 жаштагы А.З. аттуу айдоочусу кармалган. Ал тергөө кызматына өткөрүлгөн.


Унаа айып аянтчасына киргизилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн