Бугу 13, 2024
Убакыт: 04:52
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Москва районунда мотоциклдин айдоочусу каза болду

Москва районунда мотоциклдин айдоочусу каза болду

Москва районунда жол кырсыгынан мотоциклдин айдоочусу каза болду.

Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, 11-сентябрда саат 7.00дө Сретенка айылында жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, аталган айылдын Борбордук көчөсүндө белгисиз айдоочу “Днепр” мотоцикли менен сүзүшүп, кырсык болгон жерден качып кеткен.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кырсык болгон жерден качып кеткен "Форд Транзит" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 1976-жылы туулган С.А. кармалды.

Кырсыктын кесепетинен Сретенка айылынын тургуну, мотоциклдин айдоочусу Ч.А.А алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Ошондой эле мотоциклдин жүргүнчүсү, 2005-жылы туулган А.А.С. жаракат алган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн