Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 16:43
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Москва районунда жапайы кара куурайлар өрттөлдү

17.08.2022 11:13
319
Москва районунда жапайы кара куурайлар өрттөлдү



Чүй облусунун Москва районунунда "Кара куурай" аталышындагы ыкчам алдын алуучу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул туурасында Чүй ОИИБдин маалымат кызматы билдирет.

 

Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери айыл өкмөттөрү менен биргеликте райондун аймагындагы  кара куурай өсүмдүгүн оруп, өрттөп жок кылуу боюнча тынымсыз иш алып барышууда.


Милиция кызматкерлери айыл тургундарына мындай өсүмдүктөрдү  өстүрбөөнү, жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу талаптары түшүндүрүлүп, тургундардын үйүнүн айланасындагы кара куурайлар убагында жок кылынбаса протокол түзүлүп, айып пул салынаарын эскертишүүдө.



Мындан тышкары Москва РИИБдин кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган иш-чараларды байма-бай жүргүзүп, баңгизаттарды  сактаган жерлерди табуу, психотроптук заттарды сатуу менен алектенген  адамдарды колго түшүрүү  боюнча ыкчам иш-чаралардын үстүндө тынымсыз иш алып барышууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн