Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:53
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Москва районундагы айыл аймактын башчысы 105 гектар жерди мыйзамсыз берип жибергени аныкталды

13.04.2023 15:39
221
Москва районундагы айыл аймактын башчысы 105 гектар жерди мыйзамсыз берип жибергени аныкталды

Москва районундагы Предтеченка айыл аймагынын башчысы кармалды. 


 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл аймагынын жетекчиси Б.С.О. жер бөлүштүрүү ишмердигинде мыйзам бузуулар аныкталды.


  Такталгандай, Б.С.О. жер комиссиясынын чечимисиз жана мыйзамда белгиленген жол-жоболорду аткарбастан, асыл тукум чарбалардын бирине 105 гектар жерди мыйзамсыз берип койгон, кийин жергиликтүү дыйкандардын нааразычылыгын жаратып, Б.С.О. мыйзамсыз аракеттеринин терс кесепеттеринен коркуп, жер комиссияларынын отурумдарынын протоколдорун эски мөөнөт менен жасалмалай баштагандыгы аныкталды.


  Мындан тышкары, Б.С.О. комиссиянын айрым мүчөлөрүн документтерге эски мөөнөттөр менен кол коюуга көндүрүп, ошондой эле КР УКМК кызматкерлеринин камкордугуна жана колдоосуна ээ болуп жүргөн. 


Бул факты КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан тактоо иш-чаралары башталып, анын жүрүшүндө Б.С.О. текшерүү иштеринин жүрүшүнүн оң чечими үчүн акча сунуш кыла баштаган. 

 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 12-апрелинде Б.С.О. КР УКМК кызматкерине 50 миң сом акча каражатын берип жаткан жеринен кармалган, учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн