Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:28
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Москва районундагы айыл өкмөтү прокуратуранын сунушу менен кызматтан бошотулду

08.04.2022 16:46
581
Москва районундагы айыл өкмөтү прокуратуранын сунушу менен кызматтан бошотулду

Чүй областынын Москва райондук прокуратурасы тарабынан Предтеченка айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Текшерүүдө, Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысы С.А. жер мыйзамдарынын нормаларын одоно түрдө бузуп, муниципалдык жер участокторун жеке менчикке тооруксуз сатып жибергендиги аныкталган. 


Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан Москва райондук мамлекеттик администрациясына мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча чараларды көрүү жана айыл өкмөтүнүн башчысынын ээлеген кызматына ылайыктуулугу боюнча маселени чечүү сунушу киргизилген.


Сунушту кароонун натыйжасында Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын буйругу менен Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысы С.А. ээлеген кызматынан бошотулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн