Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 09:09
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Москва районунда үч бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен

30.12.2020 12:51
885
Москва районунда үч бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен


Москва райондук прокуратурасы тарабынан арыздын негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө Чүй облусуна караштуу Москва районунун Александровка айылында жайгашкан үч бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Атап айтканда, 1995-1997-жылдары Москва райондук мамлекеттик администрациясынын Александровка айыл өкмөтүнүн жана «Дружба» айыл-чарба өндүрүш кооперативинин кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы №37 Жарлыгынын талаптарын бузуу менен сатылган.


Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган факты райондук прокуратуранын КЖБРне катталып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Москва РИИБнүн тергөө кызматына тапшырылган.


Ошондой эле аталган бала бакчаларды мамлекетке кайтаруу максатында Чүй облусунун административдик сотуна жана Москва райондук сотуна Москва райондук мамлекеттик администрациясынын, Александровка айыл өкмөтүнүн буйруктарын жана бала бакчаларды сатуу-сатып алуу келишимдерин жокко чыгаруу жөнүндө 6 доо арыз келтирилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн