Бугу 05, 2024
Убакыт: 18:24
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Москва шаарында, Москва жана Воронеж облустарында антитеррордук операция режими киргизилди

24.06.2023 13:44
905
Москва шаарында, Москва жана Воронеж облустарында антитеррордук операция режими киргизилди


Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында болушу мүмкүн болгон теракттардын алдын алуу максатында антитеррордук операция режими киргизилди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.


Ошондой эле Воронеж облусунда КТО режими киргизилген.


Москванын мэри Сергей Собянин Москвада бардык массалык иш-чаралар токтотулганын билдирди.


Буга чейин Москванын мэри Сергей Собянин Орусия Федерациясынын борборунда антитеррордук чаралар көрүлүп жатканын, жолдорго кошумча көзөмөл киргизилгенин билдирген.


Meduza агенттигинин маалыматына ылайык, антитеррордук операциянын режиминде бийликтер төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:


- Жарандардын документтерин текшере алышат. Эгерде сизде эч кандай документтер жок болсо, ал адам өздүгүн аныктоо үчүн полицияга алып барылышы мүмкүн. КТО зонасына кире бериште жана чыгууда адамдарды тинтүүгө уруксат берилет.


- Керек болгон учурда күч органдары өз каалоосу боюнча “жеке адамдарды жердин жана объекттердин айрым жерлеринен чыгара алат”, ошондой эле автоунааларды сүйрөп кете алат.


- Атайын кызматтар телефондук сүйлөшүүлөрдү угууга жана интернеттен каалаган кат алышууга укуктуу болот.


- Бийлик каалаган уюмдарга, адамдарга тиешелүү унааларды колдонуп, биринчи медициналык жардам көрсөтүп, кылмышкерлерди жоопко тарта алат. Ошол эле учурда башка бирөөнүн мүлкүн пайдалануу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтурууга туура келет.


- Жарылуучу, радиоактивдүү, химиялык жана биологиялык коркунучтуу заттарды пайдаланган өндүрүш объекттери убактылуу жабылышы мүмкүн.


- Райондун аймагында алар каалаган байланышты – телефонду да, интернетти да өчүрө алышат.


- Керек болсо жеке адамдарды “коопсуз аймактарга” көчүрсө болот. Бийлик эвакуацияланып жаткандарды убактылуу турак-жай менен камсыз кылууга милдеттүү болот.


- КТО зонасында адамдардын жана автоунаалардын кыймылы каалаган аймакта чектелиши мүмкүн.


- “Терроризмге каршы күрөш” боюнча атайын кызматтын кызматкерлери соттун чечими жок эле каалаган жайга кире алышат.


- Спирт ичимдиктерин сатууга чек коюлушу мүмкүн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн