Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:12
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Москва циркинин кызматкерин сабоого шектелген жаран Кыргызстандан кармалды

13.07.2023 16:26
453
Москва циркинин кызматкерин сабоого шектелген жаран Кыргызстандан кармалды


Москвалык цирктин кызматкерин сабаган деп шектелген кыргызстандык жаран үйүнөн кармалды. Бул тууралуу россиялык ММКлар РФнын Ички иштер министрлигинин Пермь аймагы боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.


Алардын айтымында, жеке күзөт ишканасынын кызматкери С.И., Пермь шаарына жеткирилип, СИЗОго киргизилген. Ал цирктин артисти Игорь Корчагиндин денесине оор залал келтирген деген айып менен сыртынан айыпталган.


Эске салсак, 3-июлга караган түнү Пермь циркинин мейманканасында жеке күзөт ишканасынын кызматкерлери менен артисттердин ортосунда жаңжал чыккан. Күзөтчүлөрдүн бири Игорь Корчагинди сүзүп, ал полго жыгылып, башынан жаракат алган. Ал учурда комада жатат. Дарыгерлер анын абалын оор деп баалап жатышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн