Москва шаарында 4 жана 5 жаштагы кыргызстандык эже-сиңди өрттүн кесепетинен набыт болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, элчилик көз жумган кыздардын жакындары менен байланышта болууда. Кырсык 22-майда катталган.
“Кыздардын сөөгүн Кыргызстанга алып кетеби же кетпейби аны ата-энеси чечет. Бирок сөөктү алып кеткенге уруксат кагазды алышыптыр. Үй-бүлөсүнүн уруксаты жок башка маалымат бере албайбыз”, - деп маалымдашты элчиликтен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн