Москвадагы кыргызстандык ага калтырылып кеткен тууганынын беш жашар кызын катуу сабап салды. Бул тууралуу орусиялык маалымат басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул окуя ушул жылдын 29-декабрында катталган. Анда Кыргызстандын жараны алыскы тууганынын батиринде жүргөндө 5 жашар кызга оор жаракат келтирген. Токмоктолгон кыз денесинен бир нече жаракаттарды алган.
Апасы батирге кирип келгенде, кызын кийимсиз турганын көргөн. Токмоктолгон кыз ооруканага жаткырылган. Жашы жете элек кызга атайылап ден-соолукка залал келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн