Бүгүн, 26-июнда Москвада "Ласковый май" тобунун белгилүү солисти Юрий Шатуновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Орус басыламалары белгилегендей, маркумдун сөөгү Троекуров көрүстөнүнө коюлат. Коштошуу зыйнатына ырчынын миңдеген күйөрмандары келишти. Алардын бир тобу ырчынын "Белые розы" ырын аткарса, бир тобу коштошууда ырдоону уят иш көрүштү. Коштошууга келгендердин дээрлик баары ак розаларды кармап алышкан.Ошондой эле гүлчамбарлар дагы ак розалардан даярдалган.
Эске салсак, 48 жаштагы Юрий Шатунов 23-июнга караган түнү жүрөк оорусунан улам көз жумган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн