Бугу 15, 2024
Убакыт: 00:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Москвада чет өлкөлүктөр менен жолугуп жүргөн кыргыз кыздарын жазалоого чакыргандар иликтенүүдө

22.07.2020 17:01
3205
Москвада чет өлкөлүктөр менен жолугуп жүргөн кыргыз кыздарын жазалоого чакыргандар иликтенүүдө


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү кыргыз кыздарына карата күч колдонууга чакырган факты боюнча текшерүүнү баштады. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Белгилей кетсек, жакында социалдык тармактарда Россияда жүргөн кыргызстандык жаш адамдардын тобу Москвада чет өлкөлүк жарандар менен жолугуп жүргөн кыздарды жазалоого чакырган видео тараган.


“Эгерде укукка жат контент табылган болсо, келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте тиешелүү чаралар көрүлөт”, - деп эскертти Россиядагы ИИМ өкүлчүлүгү.


Андан сырткары жакында ИИМ өкүлчүлүгү кыргыз диаспорасы менен жолугуп,  мекендештердин жогорудагыдай кайрылууларын токтотуу үчүн аракеттерди көрүүнү талкуулай турганын маалымдады.


Ошондой эле мессенджер жана социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтарды, анын ичинде улуттук маселелерге тиешелүү маалыматтарды кылмыш жоопкерчилигине тартылып калбоо үчүн таратуудан алыс болууга чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн