Бугу 14, 2024
Убакыт: 05:16
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Москвада эки кыргыз жараны түтүктү оңдоо учурунда каза болду

08.08.2022 09:20
593
Москвада эки кыргыз жараны түтүктү оңдоо учурунда каза болду

7-августта Москва шаарынын Люблино районунда эки кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.


Маалым болгондой, 13 мигрант Люблино районунда саркынды суу өтүүчү түтүктү оңдоп жаткан учурда жамгыр жаап жамгыр суусу түтүккө толуп кеткен.

Мигранттар Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары болгон.


Беш жаран түтүктөн өздөрү чыккан, бешөөнү куткаруучулар чыгарган.

Ал эми эки кыргыз жараны жана бир тажик жараны түтүктөгү сууга агып каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн