Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Москвадагы чатырлары күйүп кеткен кыргызстандыктарга документтер жасалып берилет

02.04.2020 16:40
766
Москвадагы чатырлары күйүп кеткен кыргызстандыктарга документтер жасалып берилет


Россиянын Москва шаарынын Троицк районунун Голохвастово айылында курулуш объектисинде чатырлары күйүп кеткен кыргызстандыктарга жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Россиядагы Элчиликтин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык,  тилсиз жоонун кесепетинен Кыргызстандын 9 жараны жашаган 2 чатыр күйүп кеткен. Өрт учурунда эч ким жабыр тарктан эмес, кырсыктын кесепетинен жарандардын жеке буюмдары жана документтери күйүп кеткен.

 

“Баардыгына документтерди кабылыбына келтирүү боюнча түшүндүрмө берилип, убактылуу документ жасап берүү үчүн сүрөттөргө тартып алышты. Белгиленген 9 жаран азыркы кезде жумуштарын улантууда, башка чатырларга көчүрүлдү. Айлык акы жана жашаган шаттары аларды канааттандырат”, - деп айтылат маалыматта.


Маалым болгондой, курулуш объектисинде жалпы 2000 миң киши иштөөдө, алардын ичинен 32 жаран кыргызстандыктар экени айтылды. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн