Бугу 02, 2024
Убакыт: 18:16
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Москвада алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн кыргызстандык үч жаран кармалды

11.09.2020 12:07
868
Москвада алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн кыргызстандык үч жаран кармалды


Москвада ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен өз мекенинде ири өлчөмдөгү алдамчылык жасап жана жалган ишкерлик үчүн издөөдө жүргөн жарандар кармалды.


ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда укук коргоо органдарынан изин жашырып,  Россиянын аймагында жүргөн жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча иштер уланууда. 


Россиянын аймагында ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен өз мекенинде жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынган жарандардын кайда жүргөндүгү аныкталды. 


Кыргызстандын жараны, Жалал-Абад облусунун 1979-жылы туулган тургуну Б.А. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 182-беренесинде (Жалган ишкерчилик) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2018-жылдын аягында издөөгө алынган. 


Ошондой эле, Чүй облусунун 1960-жылы туулган тургуну А.Г. Москва районунун ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (или өчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2013-жылы издөөгө алынган. 


Жогорудагы эки факты боюнча издөөгө алган тараптар кабарланды. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аларды өз өлкөсүнө жиберүү боюнча маселелер каралып жатат. Ошондой эле, Чүй облусунун 1991-жылы туулган тургуну И.И. Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (или өчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2013-жылы издөөгө алынган.


Азыркы учурда издөөдө жүргөн жаран кармалгандыгы боюнча издөө алган тарап кабарланып, Минск конвенциясына ылайык аны өз өлкөсүнө экстрадициялоо тууралуу меселелер чечилүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн