Бугу 04, 2024
Убакыт: 20:10
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Москвада карантин чаралары жоюлду

09.06.2020 16:38
936
Москвада карантин чаралары жоюлду


Москва шаарында карантин чаралары жоюлду. Шаар мэри Сергей Собянин бүгүн, 9-июндан тарта шаардагы карантин режими алынганы тууралуу буйрук чыгарды.

 

Бирок бет кап жана кол кап кийип, коомдук жайларда социалдык аралыкты кармоо чаралары бекем сакталат. Ошондой эле шаардык мэрия жумуш берүүчүлөрдөн кеңсе кызматкерлердин көбүн үйдөн иштетип турууну өтүндү.

 

Соңку маалыматтарга караганда, Орусияда Covid-19 жуктуруп алган 8 595 жаңы учур белгилүү болду. Анын 18,3 пайызы Москвага тиешелүү (1 572). Пандемия башталгандан бери Орусияда вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 485 253 кишиге жетти.

 

Расмий маалыматтарга караганда, суткалык көрсөткүч бирдей деңгээлде келе жатканына төрт апта болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн