Бугу 08, 2024
Убакыт: 03:56
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Москвада карантин улантылат

29.05.2020 09:17
1138
Москвада карантин улантылат


Москва шаарында COVID-19 пандемиясынан улам коюлган чектөөлөр уланат. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собянин билдирди, деп жазат РИА Новости агенттиги.


Мэрдин айтымында, чектөө чаралары коронавирустун вакцинасы табылмайынча созулмакчы. Ошондой эле шаар мэри май айында вирустан каза тапкандардын саны мындан ары да өсөрүн болжоду.


"Өзүн сактоо режими, санитардык чектөөлөр вакцина чыккыча созулат. Күн сайын эки-үч миңдеп оору жуктурган учурларды каттап жатабыз. Ооруканага жаткырууну азайтканыбыз менен оор абалдагы бейтаптар көбөйүүдө", - деди Собянин.


Белгилей кетсек, Россия коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Эпидемия башталгандан бери Россиянын 85 аймагынан 380 миң адамдан коронавирус табылып, алардын 4412си каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн