Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 16:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Москвада кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилет

25.09.2020 13:01
1261
Москвада кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилет


Москва шаарынын мэри Сергей Собянин коронвирустун өрчүшүнө байланыштуу 28-сентябрдан тарта борборго кээ бир карантиндик чектөөлөр киргизилерин билдирди, деп маалымдайт РИА Новости. 


Собянин Москвада коронавирус менен ооруган адамдардын саны көбөйгөнү байкалып жатканын жана суук түшкөндө сасык тумоо оорусу дагы күч аларын билдирген. 


"65 жаштан өткөн Москванын тургундары жана өнөкөт оорулары бар жарандар өтө зарыл иш болбосо көчөгө чыкпоону  өтүнөбүз. Өзүнчө жашаган жакындарыңар, бир туугандар менен контакта болбой тургула. Таза абада сейилдөө жана көнүгүүлөрдү жасоого тыюу салынбайт", - деп айтылат маалыматта. 


Ошондой эле, мэр ишканаларга кызматкерлерин кайрадан аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуштады. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн