Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:12
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Москвада кыргыз диаспора өкүлдөрү жана активисттер мекендештерин ынтымакка чакырышты

23.07.2020 12:55
716
Москвада кыргыз диаспора өкүлдөрү жана активисттер мекендештерин ынтымакка чакырышты


Кечээ, 22-июль күнү жаш адамдар тарабынан укукка каршы аракеттердин жасалышын болтурбоо жана эскертүү максатында Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин имаратында кыргыз диаспораларынын өкүлдөрүнүн жана активисттердин катышуусунда жолугушуу уюштурулду.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган жолугушууга Россиянын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгынын борборунун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу, милициянын полковниги А.Рогожин, КМШнын уюшкан кылмыштуулук жана башка кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча бюросунун (БКБОП) директорунун орун басары, милициянын полковниги А.Алиев, КР Элчилигинин кызматкерлери, аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү, диаспоралардын, спорттук клубдардын өкүлдөрү жана башка активисттер катышты.


Жолугушуунун катышуучуларына кыргыздар менен тажиктердин ортосунда болгон окуя боюнча туура маалымат жеткирилди. Андан соң катышуучулар кайрылууларды жасап, жаштарды социалдык тармактарда жана ар кайсы мессенджерлерде улуттар аралык чыр-чатакты козуткан орунсуз билдирүүлөрдү токтотуп, улуттук маселелерге тиешелүү болгон такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырышып, жаш муундарга мындан ары түшүндүрүү иштерин жигердүү жүргүзүшөөрүн айтып өтүштү.


Чет өлкөлүктөр менен жолуккан Москавадагы кыздарды жазалоого чакырган адамдар Б.Б. менен А.А. социалдык тармактарда этиятсыз айтылган билдирүүлөрү үчүн Кыргызстандын элинен ачык түрдө кечирим сурашып, күнөөсүн моюндарына алышты. Андан соң аларды Россиянын ИИМдин Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгынын борборуна Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык юридикалык баа берүү үчүн чакырылды. Андан сырткары, бул жолугушуу «Facebook» аркылуу онлайн өткөрүлүп, жолугушуунун катышуучулары видео кайрылуу жасашты.


Ошондой эле, улуттар аралык чыр-чатакты болтурбоо үчүн Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин имаратында кыргыздар менен тажиктердин диаспораларынын жетекчилеринин жолугушуусу уюштурулду. Жолугушууда тараптар мындан ары көп улуттуу чөйрөсүндө улуттар аралык чатактарды болтурбоого багытталган достук мемилерин бекемдөөнү таклкууга алышты. Катышуучулар жаштар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү колго алуу менен Москва облусунда жана шаарында жашаган башка улуттардын өкүлдөрүн дагы кошуп, маданий-спорттук иш-чараларды биргеликте өткөрүү керектигин белгилешти.


Азыркы учурда жаштар арасында мессенджер жана социалдык тармактарда улуттар аралык чыр-чатактарды козутууга түрткөн, анын ичинде улуттук маселелерге тиешелүү жалган маалыматтарды таратпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн