Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:46
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Москвада кыргыз келин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүгө шектелүүдө

06.06.2020 09:56
1076
Москвада кыргыз келин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүгө шектелүүдө


Москвада кыргыз жараны жаңы төрөгөн ымыркайын ваннага думчуктуруп таштаган. Бул тууралуу 360 TV басылмасы жазып чыкты.


Билдирүүгө караганда жаш келин дарыгерлерди боюман түшүп калды деп ишендиргиси келген.


Кыргызстандык келин 21 жашта,  ал бейтапканага 2-июнда айына жетпей төрөп түшкөн. Ал медицина мекемелерине кайрылганда бала төрөлгөндө жансыз болгонун айткан. Бирок соттук-медициналык экспертиза баланын эмнеден өлгөнүнүн чыныгы себептерин аныктай алган. Маалым болгондой, 7 айлык боюнда бар кезде көз жарып, кыз төрөгөн, андан соң аны суу толтурулган ваннага таштап койгон жана анын денесин Луховицы көчөсүндөгү таштандыдан тапкан”, - деп айтылат маалыматта.


Учурда баласын сууга чөктүргөн келин кармалган, аны жыйырма жылга эркинен ажыратуусу мүмкүн. Тергөөчүлөр аны соттон камакка алууну суранарын билдиришкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн