Москва шаарында 13-июль күнү түндө массалык түрдө кыргыз жана тажик мигранттары мушташа кеткен. Бул тууралуу орус басылмалары билдирди.
Маалыматка караганда, окуянын келип чыгышына 11-июлда 2 кыргыз жаранынын тажиктер тарабынан бычакталышы себеп болгон.
Окуядан кийин алар Кузьмин районуна чогулуп, сүйлөшмөй болгон.
Бирок кечээ түндө кыргыз-тажик мигранттары массалык түрдө мушташа кеткен.
Орус басылмаларынын маалыматына караганда, 180 кишинин 94ү кармалган. Ошондой эле 2 киши жабыркагандыгына байланыштуу ооруканага жеткирилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн