Москвада Кыргызстандын жараны тапанчадан жарадар болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.
Маалым болгондой, окуя жекшемби күнү кечинде Ореховый бульварында болгон. Көчөдө белгисиз адам Москвада туруктуу жашаган 30 жаштагы Кыргызстандын жаранын курсагына атып салган. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жаткырылган, ок аткан жаран изделүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн