Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 08:31
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Москвада кыргыздар менен тажиктер ортосунда мушташ чыкты (видео)

19.05.2021 16:06
3381
Москвада кыргыздар менен тажиктер ортосунда мушташ чыкты (видео)

Орусиянын Москва шаарында Кыргыз өлкөсүнүн жарандары менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу орус басылмалары билдирди.


Белгилүү болгондой, мушташ Москвадагы кафелердин биринде болгон. Жыйынтыгында 6 жаран ооруканага түшүп, 9 жаран тергөө иштерине байланыштуу милиция бөлүмүнө жеткирилген.

"Жаңжал тууралуу маалымат полицияга кечинде келип түшкөн. Айтылган дарекке полиция кызматкерлери барып, жарадар болгон 6 жаранды "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткиришкен. Ал эми кармалган жарандын ичинен экөө миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылса, жетөө майда бейбаштык боюнча айыпталууда. Учурда тергөө иштери уланып жатат.


Укук коргоо органдарынын айтымында, жаңжалга жалпы 15 адам катышкан. Алар Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары", - деп жазылат маалыматта.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн