Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу иш сапарынын алкагында Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргыз диаспоралык бирикмелеринин өкүлдөрү жана активисттери менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Россиянын миграция мыйзамдарындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу актуалдуу маселелер, алардын Кыргызстандын эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук абалына тийгизген таасири талкууланды.
РФ президентинин миграцияга байланыштуу жарлыгынын алкагында чет өлкөлүк жарандардын укуктук статусун жөнгө салуу маселелерине, ошондой эле өлкөгө кирүүнүн жаңы эрежелерин апробациялоо боюнча экспериментке өзгөчө көңүл бурулду.
Диаспора өкүлдөрү кыргызстандыктар Россияда жүрүүсүн мыйзамдаштырууда кыйынчылыктар уланып жатканын айтышты. Атап айтканда, Россия ИИМинин аймактык башкармалыктарында миграция маселеси боюнча узун кезектер көйгөй жаратып жатканы айтылды. Алардын айтымында, кабыл алуу үчүн жарандар жумалап кезек күтүүгө аргасыз.
Ошол эле учурда алар Эмгек министрлигинин маалыматтык-түшүндүрүү иштери жана мыйзамдаштыруу маселелеринде жарандарга көмөк көрсөтүү жаатындагы ишине оң баа беришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн