Москвада кыргызстандык таксист корпоративдик кечеден келе жатып уктап калган жүргүнчүсүн зордуктаган. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги билдирди.
Окуя 8-апрелге караган түнү болуп, 1984-жылы туулган жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган.
Жабырлануучунун айтымында, ал такси менен Белоруссия метросунун жанындагы кеңседен Ленин проспектисиндеги үйүнө кайтып келе жаткан.
Унаанын салонунда ал уктап кеткен. Ал айдоочунун аны зордуктап жаткан аракетинен ойгонуп кеткен.
Милиция кылмышка шектүүнү кармаган жана ал күнөөсүн мойнуна алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн