Москвада 5 кабаттуу үйдө газ жрылып 7 адам жабыркады. Бул тууралуу Россиянын басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 29-июнда саат 13:30дар (16:30 Бишкек убактысы менен) чамасында Москва шаарында катталган. Кырсыктан жети адам жаракат алып, биринин абалы оор. 4 батирдин бөлмөлөрүнүн ортосундагы тосмолор урап, 15 терезе жарактан чыккан.
Ал эми үйү жок калган адамдар убактылуу мейманканаларга жайгаштырылары айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн