Бугу 02, 2024
Убакыт: 19:29
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Москвада кран кулап түшүп, 23 жаштагы кыргыз жараны каза болду

24.05.2022 13:54
364
Москвада кран кулап түшүп, 23 жаштагы кыргыз жараны каза болду

Москва шаарында кран кулап түшүп, анын кесепетинен Кыргызстандын 1999-жылы туулган Р.у.Н. аттуу жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери окуя болгон жерге жөнөтүлдү.


Ошондой эле Кыргызстандын элчилиги Россиянын укук коргоо органдарына жана Москва шаарынын мамлекеттик эмгек инспекциясына Кыргызстандын жаранынын өлүмүнүн себептерин жана жагдайларын тактоо үчүн кайрылуу жолдоду.


Элчилик каза болгон жарандын сөөгүн мекенге кайтаруу маселесин иштеп чыгууда. Окуя элчиликтин көзөмөлүндө турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн