Бугу 16, 2024
Убакыт: 13:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Москвада массалык мушташты уюштурууга шектелген 18 кыргыз-тажик жарандары кармалды

24.07.2020 09:22
1191
Москвада массалык мушташты уюштурууга шектелген 18 кыргыз-тажик жарандары кармалды


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү менен РФнын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкармалыгы тарабынан Москвада массалык мушташ уюштурушкан Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Екатеринбург шаарында дем алыш күнү кыргыздар менен тажиктердин ортосунда болгон окуядан кийин социалдык тармактарда "тажиктерди жазалоо жөнүндө" терс чакырыктар тарай баштаган. 2020-жылдын 21-июлунда кыргыз жана тажик улутундагы белгисиз адамдар Москванын аймагындагы коомдук жайда массалык түрдө мушташышкан.


Жогорудагы факты боюнча Россия ИИМнин Түндүк-административдик округунун башкы башкармалыгынын Москва шаары боюнча ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин 2-бөлүмү  (Бейбаштык) менен кылмыш ишин козгогон. Жогорудагылардын негизинде Россия ИИМнин Москва шаары боюнча Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгы тажиктер жана кыргыздар тарабынан ар кайсы мессенджерден укукка каршы иш-аракеттерди жасоого чакырган факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде текшерүүнү баштаган.


Аталган факты боюнча шектүү катары Кыргызстандын 9 жараны жана Тажикстандын 9 жараны кармалып, Москва ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.


Азыркы учурда ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан улуттар аралык чыр-чатакты болтурбоо боюнча алдын алуу-түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн