Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 22:13
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Москвада мигранттарды мыйзамдуу ишке орнотуу боюнча өкүлчүлүк ачылды

14.11.2022 16:51
416
Москвада мигранттарды мыйзамдуу ишке орнотуу боюнча өкүлчүлүк ачылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарында миграция жана жарандарга мыйзамдуу ишке орношууга жардам берүү боюнча өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.


Маалыматка ылайык, аталган өкүлчүлүктө кыргызстандыктар Россияда жумуш берүүчүлөрдү издөө, ишке орноштуруу, тандоо жана байланыш түзүүдө, жарандарды ишке орноштуруу боюнча келишимдерди түзүүдө жардам ала алышат.


Мындан тышкары, ал жерден эмгек миграциясы, РФнын миграциялык жана эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү боюнча кеңеш алууга болот.


Кызматкерлер мекендештердин коомдук уюмдарына көмөк көрсөтүшөт жана өкүлчүлүккө Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин төмөнкү функциялары берилген:


- Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине кайтаруу менен байланышкан бир жолку төлөмдөр боюнча жарандардын арыздарын кабыл алуу жана кароо;


- иш берүүчүлөр менен эмгек талаш-тартыштары боюнча, анын ичинде эмгек акыларын төлөбөй коюу боюнча жарандардын арыздарын кабыл алуу жана кароо.


Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн дареги: Москва ш., Малая Полянка көч., 7 курулуш 5 (метро Октябрьская (400 м.) метро Полянка (300 м.)

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн