Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Москвада мушташкан мигранттарга кандай жаза колдонулары белгилүү болду

14.07.2021 09:12
1076
Москвада мушташкан мигранттарга кандай жаза колдонулары белгилүү болду

12-июлда Москва шаарында  Кыргызстан менен Тажикстандын мигранттары ортосунда болгон массалык мушташтын катышуучуларына администрациялык айып пул салынат.   Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Москвадагы башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып жергиликтүү басылмалар билдирди.


Белгилүү болгондой, мушташка катыштыгы бар жарандардын айрымдары Россиянын аймагынан депортацияланат.


«Массалык мушташ  катышкан 103 адам ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнө жеткирилди. Соттун чечими менен чет өлкөлүк жарандар административдик айып пул салуу менен Россия Федерациясынын аймагынан чыгарылат жана бир катар адамдарга карата Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө уруксат бербөө чечими чыгарылат»,- деп айтылат билдирүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн