Бугу 15, 2024
Убакыт: 08:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Москвада окуучулар ортосунда чыр чыгып, 14 жаштагы кыргыз окуучу бычактан жаракат алды

12.02.2022 09:47
832
Москвада окуучулар ортосунда чыр чыгып, 14 жаштагы кыргыз окуучу бычактан жаракат алды

2022-жылдын 11-февралында Москванын жанындагы Мытищи шаарында эки мектеп окуучусунун ортосунда жаңжал чыгып, алардын бири экинчисин бычак менен сайып салганы тууралуу маалымат россиялык басылмаларда жарыяланганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги жабырлануучу чындап эле Кыргыз Республикасынын 2008-жылы туулган С.О.И. аттуу жараны экенин тастыктайт. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.


Учурда Москва районунун укук коргоо органдары бул окуяга алып келген себептерди жана шарттарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.


Жашы жете элек бала дарыгерлердин көзөмөлүндө. Өспүрүмдүн апасынын айтымында, анын өмүрүнө коркунуч жок.


Бул маселе Элчилик тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн