Бугу 13, 2024
Убакыт: 18:29
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Москвада оор кырдаалга кабылган кыргыз жарандары мейманканада акысыз жашай алат

17.01.2023 09:06
238
Москвада оор кырдаалга кабылган кыргыз жарандары мейманканада акысыз жашай алат

 Москва шаарында оор кырдаалга кабылган кыргызстандыктар Россиянын темир жол мейманканасында бекер жашай алышат. Бул тууралуу КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, мындай макулдашууга КР Эмгек министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү жетишти.


"Мейманканада 3 адамга чейинки номер бир эле убакта жарандардын документтерин тариздөө/калыбына келтирүү жана аларды Кыргызстанга жөнөтүүгө даярдоо убагына берилет. Жарандар өкүлчүлүккө төмөнкү дарек боюнча кайрыла алышат: Москва ш., Малая Полянка көч., 7, 5-бет; тел: +7 495 197 76 71", - деп айтлат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн