Россиянын Москва шаарында өрт кырсыгынан кыргыз жараны курман болду. Бул тууралуу Россиядагы элчиликтен билдирди.
Маалыматка караганда, өрт 5-апрель күнү эртең менен болгон.
“Учурда болуп өткөн окуянын чоо-жайы такталып жатат. Маалым болгону, өрт коронавируска чалдыккандарды дарылоо үчүн курулуп жаткан ооруканадан чыккан. Кийинчерек кененирек маалымат берилет”, - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн