Быйыл 9-майда Москвада Улуу Ата Мекендик согуштун 77 жылдык мааракесине эч кайсы өлкөнүн президенти чакырылган эмес. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл Жеңиш күнүнө мурдагы СССР өлкөлөрүнүн президенттери да чакырылган эмес.
Маалыматты Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков да тастыктаган.
Белгилей кетсек, быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун 77 жылдыгына карата Бишкек, Нур-Султан жана Ташкентте аскердик парад өтпөйт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн