Москвада туугандары кордогон кыз социалдык кызматкерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Өзгөн райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын адистери Москвадан кайтып келген кызды жекече коргоо боюнча иш планын түзүштү.
Бул план Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиянын жыйынында социалдык кызматкерлердин катышуусу менен талкууланды.
Баланын атасы 41 жаштагы К.С. жана апасы 33 жаштагы Ш.Ч.га баланы тарбиялоо боюнча алардын милдеттери жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Министрликтин маалыматы боюнча, учурда баланын психикалык жана физикалык абалы туруктуу, кыз социалдык кызматкерлердин көзөмөлүндө.
Белгилей кетсек, буга чейин Моквада жашы жете элек кыргызстандык кыздын туугандары тарабынан сабалганы тууралуу видео тарап, ал коомчулукта кызуу талкууланган. Андан кийин Кыргызстандын Россиягады элчилиги кызды көзөмөлгө алып, мекенине кайтаруу пландалып жатканын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн