Бугу 07, 2024
Убакыт: 06:26
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Москвада таксист болуп иштеген кыргыз жаранын атып кетишти (видео)

04.12.2021 07:22
1288
Москвада таксист болуп иштеген кыргыз жаранын атып кетишти (видео)

Москва шаарында жолдо болгон чырда кыргызстандык таксистке ок тийип жарадар болду. Бул тууралуу россиялык бир катар басылмалар жазып чыкты.


Ага ылайык, окуя Москванын так ортосунда болгон. Маалыматтарга караганда, жолдогу чырда Дмитрий Махалов аттуу жаран кыргызстандык таксист, 34 жаштагы Алманбет Абдрамановду травматикалык тапанча менен бир канча жолу атып, окуя болгон жерден качып кеткен. 

 

Учурда кылмышка шектүү кармалды, айрым маалыматтарга караганда, ал буга чейин бир канча жолу соттолгон. Жарадар болгон таксист ооруканага жеткирилди. 

 

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул окуяга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. 


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн