Бугу 14, 2024
Убакыт: 13:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Москвада 10 миң кыргызстандык жумушсуз жана акчасыз калганы айтылды

17.04.2020 12:56
1088
Москвада 10 миң кыргызстандык жумушсуз жана акчасыз калганы айтылды

 

Бүгүнкү күндө Москвада жана шаар четинде жумушу жана акчасы жок калган 10 миң кыргыз мигранттары бар экенин Россиядагы “РОД” укук коргоо борбору “Миграциялык өнүктүрүү ” кайрымдуулук фондунун маалыматына таянып билдирген.


Мигранттардын массалык бул тобу арзандатылган баада ижарага алынган хостелге жайгаштырылган. Аталган фонд 1,1 миң адамды гана камсыздоого чамасы келген. Мындан улам фонддун жетекчилиги Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, бул жарандарга материалдык жардам берүүсүн өтүнүшкөн.


Расмий маалыматтар боюнча Россияда 700 миңден ашуун кыргызстандык бар, бирок иш жүзүндө 1 миллиондон ашык экени айтылып келет.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн