Бугу 15, 2024
Убакыт: 03:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Москвада жүргөнү айтылган Сапар Исаков да үн катты. Анда ал эмне деди?

02.05.2021 19:50
565
Москвада жүргөнү айтылган Сапар Исаков да үн катты. Анда ал эмне деди?

Москвада жүргөнү айтылган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков чек арада болгон окуя боюнча үн катты. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


"Урматтуу мекендештер!


Баткен областында болуп жаткан окуяларга менин да бардык эле кыргызстандыктар сыяктуу жүрөгүм ооруп турат. Ок атышуулардын айынан кичинекей балдардын мерт болгонун, жүздөгөн адамдар турак жайынан ажырап, ондогон күнөөсүз, тынч жарандар окко учканын, жарадар же майып болгонун, мекен алдындагы парзын акырына чейин аткарышкан Кыргыз Республикасынын жоокерлеринин курман болгонун угуу абдан оор болду.

Көп жылдардан бери тышкы саясат менен алектенген адам катары менин чек арадагы кайгылуу кырсыкка эмнелер себепкер болгону туурасында жекече пикирим бар. Учурда эң маанилүүсү, мындай каргаша кайра кайталанбасы үчүн болуп өткөн окуяны абдан дыкаттык менен талдап чыгуу зарыл. Бирок ушул сааттарда ооруканаларда нечендеген мекендештер өлүм менен жашоонун ортосунда алпурушуп жатканда, күйгөн үйлөрдүн чогу али өчө электе бул туурасында бирдеме деп айтууну азыр туура көрбөй турам, бирок кийин оюмду сөзсүз айтам.Бүгүн куралдуу чыр-чатакта жакындарын жана туугандарын жоготкон бардык мекендештериме терең кайгыруу менен көңүл айтам. Духу күчтүү, кыйынчылыктарга эч качан моюн сунбаган элибиздин жардамы менен үйлөрдү, башка объектилерди биз албетте кайра калыбына келтирип курабыз. Тилекке каршы, мерт болгондорду эми кайтара албайбыз. Бүгүн Кыргызстандын бүткүл жарандары баткендиктер менен тилектеш болууда. Бүгүн биз ар бирибиз баткендикке айландык. Элибизге чыдамкайлыкты жана кайраттуулукту каалайм. Курман болгондордун жаркын элестери эсибизде түбөлүккө кала берет",- деп билдирүү калтырган Исаков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн