Бугу 06, 2024
Убакыт: 17:04
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Москвада зордукталып каза болду делген аялдын өлүмүнүн чоо-жайы айтылды

03.03.2022 08:40
2486
Москвада зордукталып каза болду делген аялдын өлүмүнүн чоо-жайы айтылды

Москва шаарында зордукталып каза болду деген  аялдын өлүмү тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирүү таратты. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.


Текшерүүнүн жыйынтыгында 2022-жылдын 3-январында Москва шаарынын Кузьминки району боюнча Ички иштер министрлигине зордуктоо тууралуу билдирүү түшкөнү аныкталган.


Кыргыз жараны мурун сыныгы, алкоголдук ичимдиктерди колдонгондон улам мас абалында деген диагноз менен Москва шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.


Ошондой эле соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында зордуктоо фактысы жокко чыгарылган.


"Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө полиция бөлүмүнө чогуу алкоголдук ичимдиктерди ичкен эки Кыргыз жаран алып келинген. Дарылоочу дарыгердин айтымында, 2022-жылдын 28-февралында Кыргыз жараны этанолго ууланып, пневмониядан улам жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Так себеби соттук-медициналык экспертизадан кийин аныкталат", - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу элчилик Россиянын укук коргоо органдарына кайрылуу жолдоду.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн