Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:53
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Москвадагы элчиликке ыраазыбыз, өзбек, тажиктер кыргыздарга суктанып жатат, - Нурсултан Камаев

28.04.2020 17:15
8951
Москвадагы элчиликке ыраазыбыз, өзбек, тажиктер кыргыздарга суктанып жатат, - Нурсултан Камаев


Москвадагы тажик, өзбек мигранттарынын абалын сураган эч ким жок. Бул тууралуу Москвадагы кыргызстандык мигрант Нурсултан Камаев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирди. Ал кыргыз элчилигине ыраазычылыгын билдирип, материалдык колдоосуна рахматын айтты.


“Өзбекстандын элчилиги карантин киргизилгенден бери ачыла элек. Ал жерден 2-3 жолу өтүп өз көзүм менен көрдүм. Кыргызстандын элчилигинде болсо эл батпайт. Жардам сураган, муктаждарга кол сунган кыргыздарга толгон. Коңшу имаратта жашаган өзбектер, тажиктер кыргыздарга суктанып жатат. Учурдан пайдаланып Москвадагы элчиликке, ар кандай уюмдардын өкүлдөрүнө рахмат айтат элем”, - дейт ал.  

 

 

Пикирлер (12)

Коопсуздук коду
Замира
Качан жардам бергенин,мен лично корбогом. 15 жыл Москва да жашап иштедим. Бул элчинин жакындары эле мактабаса ..
Жаныбек уулу Саламат
Ассалааму алайкум! Саламатсыздарбы Кыргыз элим?!Биз Кыргызбыз!улуу элбиз!Озгочо улутбуз!Кыргыздарды башка улутка тенеп таразалабагыла!Озбектер Тажиктер жана башкалар суктанып жатат деп аларды мисал койгон туура эмес,алар озунун жашоосу менен жашасын Кыргыз озунун жашоосу менен жашасын!Алга Кыргызстан!Кылым каарытып жашай бер Кыргыз мамлекетии жана элим!!!!