Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Москвадагы кыргыз мигранттарды мекенине кайтарабыз дегендер алдап кетишти

12.06.2020 11:47
874
Москвадагы кыргыз мигранттарды мекенине кайтарабыз дегендер алдап кетишти


Кыргызстандык мигранттар мекенине кайтып келүү үчүн 10-11-июнда Москвадан орус-казак чек арасы тарапка автобус менен чыгышкан. Автобуска билеттерди 3 миң рублдан сатып алышкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинен билдиришти. 


Маалыматка караганда, дипломаттар кыргызстандыктардын казак  тарап менен макулдашпай туруп чыгып кетүүсүн алдын алышты. Жеринде коронавирус пандемиясынын айынан чек аралар жабык экендиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жарандарга Москва шаарындагы хостелдерде күтүп турууга шарт түзүлүп,  аларды азык-түлүк менен камсыз кылышууда. 


Учурда алдоо жолу менен акча табууну көздөгөн адамдарды тактоо иштери жүрүп жатат. ИИМдин Россиядагы өкүлдөрү автобустун айдоочуларынан мигранттарга билеттин акчасын кайтарып берүүнү өтүнүштү. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн